Жөө күлүктөр Караколдо машыгууда

Жөө күлүктөр Караколдо машыгууда
31-Март 2017, Жума

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү 30-марттан 12-апрелге чейин Каракол шаарында машыгууларын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жөө күлүктөр Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтө турган эл аралык марафонго катышууга даярдык көрүүдө. Ага Кыргызстандан алты спортчу катышат.

Алар:

1. Адилет Кыштакбеков

2. Виктория Полюдина

3. Жоодар Кочконбаев

4. Дарья Маслова

5. Арина Клещукова

6. Азамат Нуржанов

Белгилей кетсек, аталган мелдешке катышууда Жаштар иштери, дене тарбия спорт мамлекеттик агенттигине караштуу спорттун олимпиада түрү боюнча дирекция тарабынан 133 миң сом бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!