Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча Россияда өткөрүлгөн мелдеште коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРнын улуттук дзюдо боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-апрелде Европа чемпионаты Тула шаарында өткөн.
Ага Кыргызстандан 11 спортчу катышкан. Алардын ичинен Кубанычбек Айбек уулу 50 кг салмактагы категорияда грузиялык спортчу менен беттешип, жыйынтыгында коло тагынды.