​Мэнни Пакьяо Украинага келет

​Мэнни Пакьяо Украинага келет
8-Авг. 2018, Шаршемби, 13:28

Филиппиндик мушкер, сегиз салмак боюнча дүйнө чемпиону Мэнни Пакьяо Дүйнө Бокс Кеңешинин (WBC) 56-конгрессине катышуу үчүн Украинага келет. Конгресс 30-сентябрдан 5-октябрга чейин Киев шаарында өтөт.

Бул конгресске Леннокс Льюис жана Эвандер Холифилд да келээри айтылган. Мындан тышкары Александр Усиктин каршылашы британдык Тони Белль, мексикалык Хулио Сезар Чавес, мурдагы оор салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, америкалык Риддик Боу жана башка мушкерлер келишет.

Эсиңиздерге сала кетсек, Мэнни Пакьяо профессионалдык рингде 59 жеңиши болсо, анын ичинде 7 жолу жеңилген. Соңку таймашын былтыркы жылы Австралияда өткөргөн. Учурда мушкер эки тизгин бир чылбырды бирге алып келүүдө. Ал Филиппин 2016-жылдан бери Филиппин парламентинин жогорку палатасынын сенатору жана муну менен бирге профессионалдык рингге чыгууну улантып келатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!