​Дүйнө чемпиону жол кырсыгында каза болду

​Дүйнө чемпиону жол кырсыгында каза болду
9-Авг. 2018, Бейшемби, 11:01

Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпиону Николас Бетт 28 жашында жол кырсыгында каза болду. Бул тууралуу Эл аралык жеңил атлетика боюнча ассоциациясынын (IAAF) басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык жол кырсыгы Кениянын түндүк-батышында Нанди дарыясынын жээгинде болгон. Жөө күлүк Африка чемпионаттына катышып келаткан.

Бетт автоунааны башкара албай жолдон чыгып кеткен. Ошол учурда жолду катуу туман каптап турганы айтылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек Николас Бетт 2015-жылы Пекинде жеңил атлетка боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медал алып келгенден кийин дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон. Анда жөө күлүк 400 метр аралыкта биринчиликти жеңип, улуттук рекорд жараткан. Ал Кения тарыхында 800 метрден төмөнкү аралыкта биринчиликти бербеген дүйнө чемпиону болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!