​14 жашында дүйнөнү дүңгүрөттү (видео)

​14 жашында дүйнөнү дүңгүрөттү (видео)
9-Авг. 2018, Бейшемби, 14:05

Орусиялык 14 жашындагы спортчу Александра Трусова көркөм муз тебүү боюнча өспүрүмдөр арасындагы жабык текшерүүдө дүйнөлүк рекорд койду. Жаш спортчу төрт ирет бийиктикке секирик жасады. Мындай техникалык программа чоңдор арасында дагы сейрек кездешет. Бул ийгилиги менен Александра Трусова көркөм муз тебүүдө тарыхында калгандыгын Орусиянын көркөм муз тебүү боюнча жетекчиси Александр Горшков айтып чыкты.

Атактуу машыктыруучу Этери Тутберидзе окуучусу болгон Александра Трусовага интернетте көптөгөн жакшы каалоо-тилектер жазылып жатат. Видео чыккандан кийин жаш спортчуну кийинки Олимпиада чемпиону кылып көрсөтүшүүдө. Кийинки кышкы олимпиадада Александра 17 жашка чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!