ДКО: 53 өлкөнүн спортчулары катышат

ДКО: 53 өлкөнүн спортчулары катышат
10-Авг. 2018, Жума, 10:06

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 өлкөнүн спортчулары катышат. Бул тууралуу катчылыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы мелдешке катышуу үчүн 1946 спортчу өтүнмө жиберген. Кыргыз өлкөсүнөн 458 спортчу, Орусиядан 235 спортчу, Казакстан 195, Өзбекстан 108, Пакистан 91, Иран 92, Түркмөнстан 65, Индия 64, Ооганстан 62, АКШ 58, Тажикстан 55, Украина 46, Кытай Эл Республикасы 37, Шри-Ланка 34, Монголия 21, Франция 19, Польша 23, Беларусь 17, Болгария 17, калган өлкөлөрдөн 16дан спортчу келет.

Эскерте кетсек, спортчулар катышууга даяр экенин электрондук аккредитация аркылуу билдиришкен. Оюнчуларды каттоо 31-июлда жыйынтыкталган.

Айта кетсек, катышуучулар спорттун 37 түрүндө күч сынашат. Жалпы 549 медаль ойнотулат (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло). III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 26 миллион сомду түзөт. Оюндар 2-сентябрдан тарта 8-сентябрь аралыгында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!