Каленбаев бильярд боюнча мелдеште финалга чыкты

Каленбаев бильярд боюнча мелдеште финалга чыкты
10-Авг. 2018, Жума, 14:50

Бильярддын «Эркин пирамида» түрү боюнча кыргызстандык Арсен Каленбаев дүйнөлүк биринчиликте чейрек финалга чыкты. Молдованын Бельцы шаарында өтүп жаткан турнир 6-августта башталган, 11-августта жыйынтыкталат.

Айта кетсек, мелдешке 16дан 19 жашка чейинки спортчулар катышууда. Арсен Каленбаев Кыргызстандын атынан турнирге жалгыз катышууда. Ал буга чейинки үч беттешти ийгиликтүү жыйынтыктады. Каленбаев 1/8 финалда украиналык бильярдчы Максим Бондаряны 6:0 эсеби менен жеңип чыкты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!