​Спорт кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө

​Спорт кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө
6-Апр. 2017, Бейшемби

Спорт кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 6-апрель Кыргызстандагы спорт жана дене тарбия кызматкерлеринин күнү. Бул датага карата Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги бир катар иш-чараларды уюштурмакчы. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде Кыргызстандын бардык аймактарында жана саат 15:00дө Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда дене тарбия жана спорт кызматкерлери үчүн салтанаттуу спорттук иш-чаралар болот.

Мында спортчулар кол күрөш, волейбол, армрестлинг, волейбол, гиря спорту, дартс, кичи футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартыш боюнча күч сынашат. Жеңүүчүлөр байгелүү орундарга ээ болуп, дипломдор менен сыйланат.

Мелдештердин жыйынтыгында спорттун бардык түрлөрүнөн курама командалар түзүлүп, ал командалар 12-майдан 16-майга чейин боло турган Спартакиаданын экинчи этабына катышат.

Белгилей кетсек, өкмөттүн 2014-жылдын 11-январда чыккан токтомуна ылайык, Кыргызстанда 6-апрель спорт жана дене тарбия кызматкерлеринин күнү белгиленип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!