Спорт журналисттери “Road to Tokyo-2020” окуу семинарында

Спорт журналисттери “Road to Tokyo-2020” окуу семинарында
8-Апр. 2017, Ишемби

Ушул тапта Гонконгдо азиялык жаш спорт журналисттеринин он күндүк “Road to Tokyo-2020” окуу семинары өтүүдө.

Аталган семинарга 11 өлкөдөн 43 жаш журналист катышууда. Кыргызстандан биринчи жолу бул семинарга ЭлТР телеканалынын спорт журналисти Гүлжан Турдубаева жана “Вечерний Бишкек” сайтынан Гулиза Авазова катышып жатат.

Алар Кыргызстандын атынан КРнын спорт журналисттеринин федерациясы тарабынан сунушталып чакырылган.

Окуу семинарында лекция жана тажрыйбалык тапшырмалар көрсөтүлүүдө. АФК (Азия футбол конфедерациясы) адистери “Азия Кубогу-2019” оюнун жүрүшү, жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен иштөө, ал оюнга журналисттерди каттоо тууралуу айтып беришти. Ошондой эле спорттук иш-чараларда сүрөт тартуу жана интервью даярдоо тууралуу чебер-класстар болду.

Мындан тышкары семинардын катышуучулары тажрыйбалуу спортчулар менен спорттун бир катар түрлөрү менен өздөрүнүн күчүн сынашты. Алсак, хоккей, регби, ок атуу жана башка. Алардын арасынан бир катар спорт оюндары Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарынын тизмесине кирмекчи.

Белгилей кетсек, аталган семинар ушуну менен төртүнчү жолу өтүп жатат. Аны Азияга (ASPU) караштуу Гонконг спорттук медиа ассоциациясынын жана Эл аралык спорттук пресса ассоциациясынын (AIPS) колдоосу менен өтүүдө.

Иш-чаранын максаты 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндары жана футбол боюнча “Азия Кубогу-2019” оюндарын чагылдырууда спорт журналисттерин даярдоо болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!