Дзюдочу Юрий Краковецкий күмүш тагынды

Дзюдочу Юрий Краковецкий күмүш тагынды
10-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий Түркиянын Анталия шаарында өткөн “Grand Prix 2017” мелдешинде күмүш тагынды.

9-апрелде, мелдештин үчүнчү күнүндө аялдар жана эркектер арасында 5 медалдар тобу ойнотулуп, ага Кыргызстандан төрт спортчу катышты.

Алардын арасында Риодогу Олимп оюндарынын катышуучусу Юрий Краковецкий 100 кг салмактан жогорку категориялардын арасындагы килем үстүнө чыккан.

1/8 финалда россиялык 20 жаштагы, жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Тамерлан Башаевди, чейрек финалда түркиялык 2016-жылдагы вице-чемпион Семих Адияманды жеңип, финал үчүн күрөштө Краковецкий азербайжандык Ушанги Кокаурини утуп алды.

Финалда Риодогу Олимп оюндарынын чемпиону, 2014-жылдагы дүйнө чемпиону, Европанын эки жолку чемпиону (2013-2014-жылдар) чехиялык Лукаш Крпалек менен таймашып, кармаштын акыркы мүнөттөрүндө Краковецкий жеңилип, күмүш тагынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!