Мелдеште балбандар үч күмүш утту

Мелдеште балбандар үч күмүш утту
11-Апр. 2017, Шейшемби

Болгариянын Русе шаарында өткөн грек-рим “Dan Kolov Nikola Petrov” эл аралык мелдешинде кыргызстандык балбандар 3 күмүш жана 1 коло медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 8-9-апрелде болуп, ага 41 мамлекеттен 500гө жакын спортчу катышкан. Кыргызстандын курама командасынын спортчулары грек-рим күрөшү боюнча Руслан Царев (75 кг) жана Узур Жусупбеков (98 кг) Азат Бейшебеков (85 кг) салмактагы категориялар арасында күмүш тагынды. Ал эми Нургазы Асангулов (71 кг) салмактагылар арасында коло байгени утуп алды.

Эске салсак, грек-рим боюнча улуттук курама командасы аталган мелдешке катышууга олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 1 млн.5 миң сом сарпталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!