​Криштиану Роналду журналисти шылдыңдады (видео)

​Криштиану Роналду журналисти шылдыңдады (видео)
14-Сен. 2018, Жума, 13:43

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду бир телеканалдын журналисти сүйлөп жатканда артынан көрүндү. Бул сюжетте атактуу футболчу журналисти шылдыңдап туурап жаткандыгын “Darren McD” каналы көрсөтүүдө.

Телеге тартуу “Ювентус” клубунун машыгуу учурунда болгон. Журналист камера алдында сүйлөп жатат. Ошол учурда атактуу футболчу артынан келип, журналистти туурап жатканы тартылып калган.


Эсиңиздерге сала кетсек, 10-июлда 33 жаштагы португалиялык футболчу Криштиану Роналду туриндик "Ювентус" клубу менен 4 жылга келишимге кол койгон. Атактуу футболчу 110 миллион еврого өткөн. Криштиану Роналду А сериясында үч беттешүүгө катышып, азырынча гол киргизе элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!