Өспүрүмдөр арасында футболдук таймаш болду

Өспүрүмдөр арасында футболдук таймаш болду
11-Апр. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө тарбияланган балдар арасында достук футболу болду. Бул тууралуу Улуттук "Кызыл Ай" коомунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, футбол аталган коом жана Кыргызстандагы дунган ассоциациясы тарабынан өткөрүлдү.

Футболдук таймаш Кароосуз калган балдардын реабилитациялык борбору жана Кароосуз калган балдардын реаблитациялык жана ыңгайлашкан социалдык борборунда тарбияланган балдар арасында болду.

"“Кызыл Ай" коому балдарды ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Аталган спорттук иш-чара балдар арасындагы достук алакаларын бекемдөө, спортко тартуу максатында уюштурулду”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!