​Месси Аргентина курамы менен оюндарга катышпайт

​Месси Аргентина курамы менен оюндарга катышпайт
25-Сен. 2018, Шейшемби, 13:04

“Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Месси Аргентина курама командасы менен алдыдагы оюндарга катышпайт. Бул тууралуу Аргентина курама командасынын башкы машыктыруучусу Лионель Скалони билдиргендигин "Спорт-Экспресс" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда Лионель Месси октябрь айында боло турган жолдоштук беттешүүлөргө катыша албайт. Аргентина курама командасы 11-октябрда Ирак жана 16-октябрда Бразилия менен беттешет.

Склони “Мен Месси менен сүйлөштүм. Азырынча анын Аргентина курама командасына келбей турганын туура көрдүк”,- деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Месси чемпионаттагы ийгиликсиз жыйынтыктардан кийин Аргентина улуттук командасынан бир убакытка чейин катышпай тургандыгын айткан. Ал сентябрь айында Гватемала жана Колумбия командалары менен болгон оюнга дагы катышкан эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!