Хабибдин атасы АКШга виза ала албай жатат

Хабибдин атасы АКШга виза ала албай жатат
27-Сен. 2018, Бейшемби, 11:19

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап АКШга, уулунун мелдешине барууга виза ала албай жатат. Мушкердин атасы визаны Стамбул шаарында алууга аракет жазап жаткандыгын өзүнүн Инстаграмм баракчасына бөлүштү.

Машыктыруучу Абдуманап Нурмагомедовдун АКШга визасы 2016-жылы жокко чыгарылган. Бирок, мушкердин атасы уулунун жанына абдан баргысы келгендигин жазууда.

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов мурдагы ирландиялык чемпион Конор Макгрегор менен 6-октябрда Лас-Вегас шаарында мелдешке чыгат.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 26 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Ал эми Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттештин 21ин жеңип, үчөөндө жеңилген. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган жалгыз мушкер болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!