​Европа Чемпионаты Германияда өткөрүлөт

​Европа Чемпионаты Германияда өткөрүлөт
28-Сен. 2018, Жума, 10:02

“Европа -2024” футбол боюнча чемпионаты Германияда өткөрүлөт. Бул тууралуу чечимди Европанын футбол Асссоциациялар бирлигинин (УЕФА) аткаруу комитетинин Ньон шаарындагы штаб-квартирасындагы жыйынында кабыл алынды. Чемпионатты өткөрүүгө Түркия дагы талапкер болгон.

“Европа -2024” футбол боюнча чемпионаты Берлин,Кёльн, Дортмунд, Дюссельдорф, Франкфурт, Гельзенкирхен, Гамбург, Лейпциг, Мюнхен жана Штутгарт шаарларында өтөт. Европа Чемпионаты 1988-жылы да Германияда өткөрүлгөн. Ошол эле шаарларда 1974-2006-жылдары Дүйнө чемпионаттары өткөн.

Эсиңиздерге сала кетсек “Европа -2024” футбол боюнча чемпионатында 24 команда ат салышат. Алар Германиянын 10 стадионунда ойношот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!