​УЕФА Криштиану Роналдуга жаза берди

​УЕФА Криштиану Роналдуга жаза берди
28-Сен. 2018, Жума, 10:44

Европанын футбол Асссоциацияларынын бирлигинин (УЕФА) тартип көзөмөлү комитети "Ювентус" футбол клубунун форварды Криштиану Роналдуга жаза берди. Атактуу футболчу кызыл корточка алгандыгы үчүн кийинки беттешүүгө катыша албайт.(1 гана оюнга). Бул тууралуу УЕФАнын расмий баракчасында жазылды.

Криштиану Роналдуга Чемпиондор лигасынын биринчи тайпалык беттешүүлөр алкагында "Валенсия" командасы менен болгон оюндан чыгарылган (2:0).

Португалиялык футболчуга башкы калыс оюндун 29 мүнөттүндө жардамчысынын айтуусу боюнча кызыл карточка берген. Роналду атаандашы Джейсон Мурильо менен бир канча ирет каршылаша кеткендиги үчүн жаза берилди.

Эсиңиздерге сала кетсек, бул Криштиану Роналдунун спорт карьерасындагы 11-жолу оюндан чыгышы, ал эми чемпиондор лигасында биринчи жолу катталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!