Виталий Кличко «Битлз» тобунун ырын ырдайт (видео)

Виталий Кличко «Битлз» тобунун ырын ырдайт (видео)
28-Сен. 2018, Жума, 13:33

"WBC” версиясынын бокс боюнча түбөлүк чемпиону, Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Украинада өтө турган Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) конгрессине кандай даярдыктар жүрүп жатканын айтты. Атактуу боксчу бул салтанатта «Битлз» тобунун “Мейли, ушундай болсун”(Let it be) деген ырын аткара тургандыгын өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.


Виталий Кличко “-Достор, Киев шаары эң ири спорттук салтанатты өткөргөнү турат. 1-октябрда Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) 56-конгресси башталат. Конгрессте иш жыйындарынан тышкары бокс ышкыбоздору менен жолугушуулар,балдар үйүнө иш сапар, кол тамга сессиясы жана кайрымдуулук аукциону өткөрүлөт. Мындан тышкары таланттардын шоусу болот” деп жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!