​Криштиану Роналду зордуктоо менен айыпталууда

​Криштиану Роналду зордуктоо менен айыпталууда
29-Сен. 2018, Ишемби, 10:11

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду зордуктоо менен айыпталууда. Бул тууралуу “Spiegel” басылмасына таянып ТАСС агенттиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык америкалык студент кыз Катрин Майорга футболчу зордуктаганын айтып чыккан.

Катрин Майорганын айтуусу боюнча окуя 2009-жылы Лас-Вегас шаарында болгон. Ал учурда Роналду үй-бүлөсү менен АКШга эс алууга барган. Ал эми студент кыз менен мейманканада таанышкан.

Криштиану Роналду кызга ооз басырык үчүн 375 миң доллар төлөгөнү айтылууда.

Бул окуя боюнча Роналду азырынча үн ката элек.

Эсиңиздерге сала кетсек, Роналду испаниялык атактуу модель менен мамиледе жүрөт. Экөө 2017-жылы бир кыздуу болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!