​Нурмагомедов жана Макгрегор кайрадан басма сөз жыйынын өткөрүшөт

​Нурмагомедов жана Макгрегор кайрадан басма сөз жыйынын өткөрүшөт
29-Сен. 2018, Ишемби, 11:10

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана мурдагы ирландиялык чемпион Конор Макгрегор 4-октябрда кайрадан басма сөз жыйынын өткөрүшөт.

Бул басма сөз жыйыны ачык эшик түрүндө уюштурулуп, жалпы күйөрмандар да катыша алышат. Биринчи жыйын 20-сентябрда өткөрүлүп Конор Макгрегор бир топ ыңгайсыз,туура келбеген ойлорун айткан.

Ал эми UFCнын 229 мелдеши 6-октябрда Лас-Вегас шаарында болот. Анда эки мушкер UFCнын жеңил салмактагы чемпиондук үчүн ат салышмакчы.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 26 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Ал эми Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттештин 21ин жеңип, үчөөндө жеңилген. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган жалгыз мушкер болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!