​Роналду зордуктоо боюнча үн катты

​Роналду зордуктоо боюнча үн катты
29-Сен. 2018, Ишемби, 11:26

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду америкалык студент кыздын зордуктоо айыптоолоруна жооп берди.

Атактуу футболчу “Бул карандай калп. Ал кыз мен аркылуу атактуу болгусу келип жатат. Мындай абалдар – менин жумушумдун бир бөлүгү” деп өзүнүн Инстаграмм баракчасына билдирди.

Ал эми чабуулчу Криштиану Роналдунун жактоочулары немистердин “Spiegel” журналын бул макаласы үчүн сотко берээрин билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, америкалык студент кыз Катрин Майорга Криштиану Роналдунун зордуктаганын айтып чыккан. Катрин окуя 2009-жылы Лас-Вегас шаарында болгондугун жана Роналду кызга ооз басырык үчүн 375 миң доллар төлөгөнүн “Spiegel” журналына кабарлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!