​Криштиану Роналду орусча сүйлөдү (видео)

​Криштиану Роналду орусча сүйлөдү (видео)
1-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 13:41

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду орусча сүйлөдү. Атактуу футболчу кечээги кыз зордуктоо боюнча чуулгандуу окуядан кийин истаграмм баракчасына түз чыгып, суроолорго жооп берди. Суроолорго жооп берип жатып, Криштиану Роналду орусча суроолорду окуп, бир канча орусча создөрдү айтты. Роналду түнүңөр бейпил болсун деп жана “Давай-давай” деп коштошту.


Эсиңиздерге сала кетсек, америкалык студент кыз Катрин Майорга Криштиану Роналдунун зордуктаганын айтып чыккан. Катрин окуя 2009-жылы Лас-Вегас шаарында болгондугун жана Роналду кызга ооз басырык үчүн 375 миң доллар төлөгөнүн “Spiegel” журналына кабарлаган.

Ал эми футболчу “Бул карандай калп. Ал кыз мен аркылуу атактуу болгусу келип жатат. Мындай абалдар – менин жумушумдун бир бөлүгү” деп өзүнүн Инстаграмм баракчасына билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!