​Криштиану Роналду детектив жалдады

​Криштиану Роналду детектив жалдады
2-Окт. 2018, Шейшемби, 10:42

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду зордуктоо менен айыптаган америкалык студент кыздын артынан детектив жалдады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына таянып, «Спорт-Экспресс» жазып чыкты. Маалыматка ылайык атактуу футболчу зордуктоо менен күнөөлөгөн Кэтрин Майорганын уятын ачууну көздөп жатат.

Эсиңиздерге сала кетсек, америкалык студент кыз Катрин Майорга Криштиану Роналдунун зордуктаганын айтып чыккан. Катрин окуя 2009-жылы Лас-Вегас шаарында болгондугун жана Роналду кызга ооз басырык үчүн 375 миң доллар төлөгөнүн “Spiegel” журналына кабарлаган.

Атактуу футболчу “Бул карандай калп. Ал кыз мен аркылуу атактуу болгусу келип жатат. Мындай абалдар – менин жумушумдун бир бөлүгү” деп өзүнүн Инстаграмм баракчасына билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!