​Хабиб Нурмагомедов жөнүндө китеп чыгууда

​Хабиб Нурмагомедов жөнүндө китеп чыгууда
2-Окт. 2018, Шейшемби, 11:26

UFCнын жеңил салмактагы орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов тууралуу 285 барактан турган китеп жакында чыгат. Бул тууралуу мушкердин атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов билдирди. Мурда Хабиб Нурмагомедов “Khabib Time” аттуу китеп жазылып бүткөндүгүн айткан. Хабиб тууралуу китеп 285 барактан болуп, атактуу мушкердин өмүр баяны жазылган.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 26 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Эсиңиздерге сала кетсек, жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана мурдагы ирландиялык чемпион Конор Макгрегор 6-октябрда Лас-Вегас шаарында UFCнын 229 мелдешине чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!