​Бир тууган Кличколор Гиннес китебине кирди

​Бир тууган Кличколор Гиннес китебине кирди
3-Окт. 2018, Шаршемби, 11:04

Виталия жана Владимир Кличко Гиннес рекорддор китебине кирди. Бир тууган чемпиондор эң көп мелдешке чыккан мушкерлер катары белгиленди. Бул тууралуу 1-октябрда Киев шаарында ачылган Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) 56-конгрессинде жарыяланды.

Киев шаар башчысы "Мен үчүн бул сыйлык күтүүсүз болду. Биздин Владимир экөөбүз жасаган рекорд бизди колдогондордун жетишкендиги. Биз дайыма өлкөбүздүн намысы үчүн күрөшүп келгенбиз”,- деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, 1-5-октябрга чейин Киев шаарында Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) 56-конгрессини өтүүдө. Украина борборуна бокстун дүйнө лидерлери Леннокс Льюис, Эрик Моралес, Эвандер Холифилд жана башкалар келишкен. Мындан тышкары WBC мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери, калыстар, спорт менеджерлери катышууда. Жалпысынан 166 өлкөдөн 700 жакын өкүлдөр катышып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!