​Зидан «Манчестер Юнайтедден» баш тартты

​Зидан «Манчестер Юнайтедден» баш тартты
3-Окт. 2018, Шаршемби, 14:29

"Реал Мадрид” клубунун мурдагы машыктыруучусу Зинедин Зидан “Манчестер Юнайтедден” баш тартты. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» басылмасы жазууда.

Атактуу француз машыктыруучусунун пикири боюнча сезондун ортосунда команданы алып кетүү мүмкүн эмес. Жыйынтык болбой калат жана англис тилин да билбегендигин белгилеген. 1-октябрда ЖМК Зинедин Зидан туриндик “Ювентус” клубуна өтө тургандыгы жазылган.

Зидан 31-майда 2018-жылы “Реалдан” кеткендигин жар салган. Андан кийин 10-июлда 33 жаштагы португалиялык футболчу Криштиану Роналду дагы туриндик "Ювентус" клубу менен 4 жылга келишим түзгөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2016-жылы 4-январда француз адиси Зинедин Зидан “Реалдын” башкы машыктыруучусу аталган. Анын жетекчилиги астында команда үч жолу Чемпиондор лигасынын, эки жолу УЕФАнын Суперкубогун, бир канча жолу Испаниянын Суперкубогун жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!