​Ибрагимович “Миланга” кайтып келеби?

​Ибрагимович “Миланга” кайтып келеби?
4-Окт. 2018, Бейшемби, 09:58

"Лос-Анджелес Гэлакси" футбол клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимович кайрадан Европанын “Милан” футбол клубуна кайтышы мүмкүн. Бул тууралуу батыштын ЖМК жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык швед футболчусун “Милан” кайрадан алууну көздөп жатат. Ал бул клубда 2010-2012-жылдары ойноп кеткен. Клубдун башкы машыктыруучусу Дженнаро Гаттузо тажрыйбалуу футболчуну кайрадан өз командасына алуу үчүн колунан келген бардык аракеттерди жүргүзүүдө.

“Миландын” жетекчиси Чемпиондор лигасын жана Европа лигасын жеңүү үчүн оюндагы чабуул аракеттерин күчөтүүнү максат кылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, 22-мартта Златан Ибрагимович «Манчестер Юнайтед» клубу менен коштошуп, «Лос-Анджелес Гэлакси» клубуна өткөн. Атактуу футболчу «Манчестер Юнайтед» клубунда эки сезон ойноду. Бул учурда футболчу үч чоң жеңишке жетишти. Алар Англия лигасынын кубогу, Англиянын супер кубогу жана Европа лигасын жеңип алышкан. Премьер-лиганын 33 беттешүүсүндө 17 гол киргизип, 5 натыйжалуу шарт түзүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!