​Конор-Хабиб мелдеши канча турат?

​Конор-Хабиб мелдеши канча турат?
4-Окт. 2018, Бейшемби, 11:15

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб жана мурдагы ирландиялык чемпион Конор 6-октябрда Лас-Вегас шаарында боло турган UFCнын 229 мелдешине чыгат. UFCнын америкалык промоушен уюмдары - бул мелдешти заманбап спорттогу ири коммерциялык мыкты долбоор экендигин жар салды. Учурда бул мелдештин рейтинги жана кирешелери улам жогорулап баратат.

Эң башкы киреше, сөзсүз UFC 229 мелдеш көрсөтүүсүн сатуунун деңгээлине байланыштуу. Америкалык PPV системасы - бул мелдешти жана профессионалдык бокстун даражасын көтөрүү жана жайылтуунун башкы индикатору болуп саналат. Интернетте спорттук мелдештерди ТВ жана интернетте түз чагылдыруу башкы нерсе.

Учурда 2,5 миллион түз чагылдыруу сатылганы айтылууда. Бул Флойд Мейвезер жана Макгрегор мелдешине жетпейт. Анда америкалык PPV системасы менен түз чагылдырууга 4,6 миллионго чейин катталуу болгон

Бул 3 миллионго чейинки катталгандар,бери дегенде 270 миллион доллар киреше алып келет. Мунун жарымы PPV операторлору жана уюштуруучуарга жумшалат. Бирок, UFC бюджетине деле135 миллионга жакын так киреше түшөт.

Ал эми 20 миң орундук аренанын билеттери бир канча мүнөттө сатылып бүткөн. Эң арзаны 180 доллар, кымбаты 2200 доллардан ашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!