Роналдунун студент кыз менен бийлеген видеосу жарыяланды

Роналдунун студент кыз менен бийлеген видеосу жарыяланды
4-Окт. 2018, Бейшемби, 13:38

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунун зордуктады деген студент кыз менен барда бийлегени интернетке тарады.Бул тууралуу тасманы интернет желесине The Sun басылмасы таркаткан. Анда атактуу футболчу Лас-Вегас шаарында түнкү клубда америкалык студент Кэтрин Майорга менен бийлеп жатат. Бул тасма 2009-жылы Sin City түнкү клубунда тартылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, 29-сентябрда америкалык студент кыз Катрин Майорга Криштиану Роналдунун зомбулук көрсөткөнүн айтып чыккан. Катрин окуя 2009-жылы Лас-Вегас шаарында болгондугун жана Роналду кызга ооз басырык үчүн 375 миң доллар төлөгөнүн “Spiegel” журналына кабарлаган.

Атактуу футболчу “Бул карандай калп. Ал кыз мен аркылуу атактуу болгусу келип жатат. Мындай абалдар – менин жумушумдун бир бөлүгү” деп өзүнүн Инстаграмм баракчасына билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!