​“Олимпиада-2020” боксу жок өтөбү?

​“Олимпиада-2020” боксу жок өтөбү?
4-Окт. 2018, Бейшемби, 15:47

Эл аралык олимпиада комитети (МОК) кайрадан Бокс сүйүүчүлөрдүн эл аралык федерациясына (AIBA) эскертүү берди. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык спорттук уюмга учурдагы маселелерин кыска убакытта чечпесе “Токио -2020” олимпиадасына катышпай кала тургандыгын белгиленген.

Бокс сүйүүчүлөрдүн эл аралык федерациясында (AIBA) башкаруучулук, каржы жана допинг боюнча көйгөйлөрү бар. Уюмдун берген отчеттору Эл аралык олимпиада комитетиг ынандыра алган эмес. Ошондуктан аларга катачылыктарды оңдоого бир айлык мөөнөт берилди.

Айрыкча Эл аралык олимпиада комитети спорттук аткаминерлердин айынан боксчулар олимпиадага катышпай калышынан кабатыр болгондуктарын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!