​Ислам тилектештигинин IV оюндарына 51 спортчу катышат

​Ислам тилектештигинин IV оюндарына 51 спортчу катышат
13-Апр. 2017, Бейшемби


Ушул жылы өтө турган Ислам тилектештигинин IV оюндарына Кыргызстандын атынан 51 спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Оюндар 12-22-май күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында өтөт. Спорт оюндарынын 21 түрүнөн баскетбол, бокс, күрөш, суу полосу, волейбол, гандбол, дзюдо, зорхана, каратэ, жеңил атлетика, сууда сүзүү, сууга секирүү, стол тенниси, спорт гимнастикасы, атуу, теннис, таэквондо, оор атлетика, ушу, футбол жана көркөм гимнастика кирет.

Уюштуруу комитети билдиргендей, оюнга 3 миңден ашуун спортчу жана 49 улуттук олимпиада комитетинин расмий өкүлдөрү келет. Кыргызстандан спорттун 11 түрү боюнча катышмакчы.

Бул мелдешке катышууда аталган агенттиктен 4 млн 690 миң сом бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!