Хабиб Нурмагомедов ачык машыгууларды өткөрдү (видео)

Хабиб Нурмагомедов ачык машыгууларды өткөрдү (видео)
5-Окт. 2018, Жума, 10:55

UFCнын жеңил салмактагы орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов бүйүрдү кызыткан мелдешке эки күн калганда ачык машыгууларды өткөрдү. Бул ачык машыгуу Лас-Вегас шаарынын Park Theatre салонунда 7 мүнөткө созулду.

Белгилей кетчү жагдай Хабибди ышкырык-кыйкырык менен тосуп алгандыктан мушкер күйөрмандар менен баарлаша албады. Болгону ал бир канча сүйлөм айтууга жетишти.

Хабиб “ Туугандар колдооңорго чоң ырахмат! Калганын эки күндөн кийин көргөзөм” деди


Машыгууга спортчулар Абубакар жана Омар Нурмагомедовдер, мындан тышкарыЗубайра Тухугов жанаИслам Махачев катышты.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 26 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Эсиңиздерге сала кетсек, жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана мурдагы ирландиялык чемпион Конор Макгрегор 6-октябрда Лас-Вегас шаарында UFCнын 229 мелдешине чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!