​Криштиану Роналду Португалия курамынан кеттиби?

​Криштиану Роналду Португалия курамынан кеттиби?
5-Окт. 2018, Жума, 11:38

Криштиану Роналду Португалия курамынан кеттиби?

МИРБЕК КУМАКОВ

5-Окт. 2018, Жума

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Португалия курама командасынын оюндарына катышпайт. Бул тууралуу батыштын ЖМК жазып чыкты. Маалыматка ылайык атактуу футболчу чуулгандуу кыз зордуктоо окуясынан кийин 2018-жылдын акырына чейин курама командасына барбай турууну суранган.

Мындай чечимди 33 жаштагы футболчу өзү кабыл алгандыгын жана Португалия футбол федерациясынын президенти Фернандо Гомес, улуттук команданын башкы машыктыруучу Фернанду Сантуш менен макулдашканын Record басылмасы жар салды.

“Алтын топ” сыйлыгынын беш жолку ээси анын улуттук команда менен беттешүүлөргө катышканы команданын жалпы маанайына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт.

Эсиңиздерге сала кетсек, 29-сентябрда америкалык студент кыз Катрин Майорга Криштиану Роналдунун зомбулук көрсөткөнүн айтып чыккан. Катрин окуя 2009-жылы Лас-Вегас шаарында болгондугун жана Роналду кызга ооз басырык үчүн 375 миң доллар төлөгөнүн “Spiegel” журналына кабарлаган.

Атактуу футболчу “Бул карандай калп. Ал кыз мен аркылуу атактуу болгусу келип жатат. Мындай абалдар – менин жумушумдун бир бөлүгү” деп өзүнүн Инстаграмм баракчасына билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!