​Бүгүн “Хабиб – Конор” эр урушу: Кимиси жеңет?(видео)

​Бүгүн “Хабиб – Конор” эр урушу: Кимиси жеңет?(видео)
6-Окт. 2018, Ишемби, 13:38

Бүгүн жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана мурдагы ирландиялык чемпион Конор МакгрегорЛас-Вегас шаарында UFCнын 229 мелдешине чыгат.

БОЖОМОЛДОР:

Бул эр урушта көпчүлүк букмекер кеңселери орусиялык мушкерге басым жасашууда. Нурмагомедов — 1.50, Макгрегор — 2.70, теңме-тең — 60.00.

Parimatch божомолу: Хабиб Нурмагомедов — 1.61; Конор Макгрегор — 2.61

Ал эми дүйнөнүн бокс боюнча мурдагы абсолюттук чемпиону Константин Цзю “Мен Хабиб жеңишке жетишээрине ишенем. Ал төртүнчү раундга жетпей Конорду ордуна коет”,-деди.

Орусиялык мушкердин атасы жана машыктуруучусу Абдулманап Нурмагомедов: “Конор жеңет, ал 2чи же 3чү раунда жеңишке жетишет” деп ишеничтүү билдирди


.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта мушташат. Ал мыкты сокку урат жана коргонуусу менен өзгөчөлөнөт.Орусиялык балбандын рекорду 26 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган. Анын тогузу UFCнын алдындауюштурулган.

Ал эми техникасы жана натыйжалуулугу менен айырмаланат. Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттештин 21ин жеңип, үчөөндө жеңилген. Ал UFC уюмундаоор жана жеңил салмактагыжалгыз мушкер болуп саналат

Эсиңиздерге сала кетсек Нурмагомедов мененМакгрегордун эр урушу бүгүн түнү болот. Алар кечээ расмий түрдөгү салмактары тартуу аземи өткөрүлүп, экөө тең дээрликжеңил салмактагы норманы көрсөтүштү: Нурмагомедов -70,3 кг , Макгрегор - 70,1 кг.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!