​Нурмагомедов UFCнын президентин коркутту

​Нурмагомедов UFCнын президентин коркутту
10-Окт. 2018, Шаршемби, 11:28

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунун президенти Дэйн Уайтты автоунаасын талкалайм деп коркутту. Мушкер бул тууралуу истаграмм баракчасына бөлүштү. Анда жеңүүчүнүн сыйлыгы тапшырылбаса бул кадамка бараарын жар салган

«Дэйн Уайт, сен чемпиондук курду тапшырып, туура кылдың. Болбосо мен автоунааңды талкалап салмакмын. Сенин унааңды кайда токтотуп койгоңуңду билем,”-деп жазган.

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов жана мурдагы ирландиялык чемпион Конор Макгрегор 6-октябрда Лас-Вегас шаарында беттешке чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!