​Алина Кабаева педагогика илимдеринин кандитаты болду

​Алина Кабаева педагогика илимдеринин кандитаты болду
12-Окт. 2018, Жума, 10:45

Орусиялык атактуу гимнаст Алина Кабаева Санкт-Петербург шаарындагы Лесгафт атындагы улуттук дене тарбиясы жана спорт университетинде педагогика боюнча илимдин кандитаттыгын жактады. Университеттин окмуштуулар кеңешинде сөз сүйлөгөн атактуу спортчу “Эгерде өзүң мыкты билген тема боюнча илимий ишти жактоо мага жеңил болду”,- деп белгилеген.

Кабаеванын темасы “Көркөми гимнастика боюнча мектепке чейинки балдарды окутуунун мазмуну". Ал бул боюнча 10 ашык эмгектерди жарыялаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык атактуу гимнаст, "Сидней-2000" Олимпиадасында коло жана "Афины-2004" Олимпиадасында алтын медалга ээ болгон, 2 жолку Дүйнө, Европа чемпиондугунун 5 жолку абсолюттук чемпиону, Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери наамына татыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!