​Хабиб: “Менин гонорарым тамагыңарга тыгылып калбасын”

​Хабиб: “Менин гонорарым тамагыңарга тыгылып калбасын”
12-Окт. 2018, Жума, 11:15

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмуна өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду. Хабиб бул кайрылуусунда Зубайры Тухуговдун жаза берилишине каршы жана Невада штатынын спорттук комиссиясы анын гонорарын төлөбөй жаткандыгын белгилеген.

Хабиб Нурмагомедов "Эмне үчүн силер автобуска кол салып, 2-3 киши жараланганда эч кимге жаза берген жоксуңар? Алар кимдир бирөөнү өлтүрүп алышы мүмкүн эле да, эмне үчүн алар менин мекенимди, динимди жана үй-бүлөмдү шылдыңдап жатканда эч ким унчукпайт?, - деп кайрылган.

"Эмне үчүн эки команда мушташа кетсе, менин эле командама жаза берилип жатат? Эгер мушташты мен баштасам катуу жаңылыштык кетиресиңер. Мен алар баштагынды токтоттум. Зубайра Тухуговдун эч кандай күнөөсү жок",- деп кошумчалаган.

Мындан тышкары Хабиб гонорарлар төлөнбөй жаткандыгын да белгилеп, акча бышкы нерсе эместигин айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, мелдештен кийин Конор менен Хабиб массалык мушташ уюштурду деп иликтөө иштери жүрүп жатат. Мунун жыйынтыгында жазалар берилиши күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!