​Месси балдар онкологиялык борборуна 2,6 млн евро берди

​Месси балдар онкологиялык борборуна 2,6 млн евро берди
20-Окт. 2018, Ишемби, 10:33

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси балдар онкологиялык борборунун курулушуна2,6 млн евро бөлүп берди. Бул тууралуу championat.com жазып чыкты. Маалыматка ылайык Лионель Месси жана анын кайрымдуулук фонду Барселона шаарындагы балдардын онкологиялык борборунун курулушуна 2,6 млн евро бөлүп берди. Борбордун курулушуна жалпысынан 30 млн евро сарпталат. Атактуу футболчу балдар онкологиялык борбордун пайдубалын түптөөгө катышты.

Балдар онкологиялык борборунун жаңы корпусу 2020-жылы ишке киришет. Анда адегенде айтылгандай 215 бала эмес, 400 жакын бала дарыланат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси 2016-17-жылдар ичинде 37 гол киргизип, алдыга чыккан. Эки жыл удаасы менен "Барселона" чабуулчусу эң алдыңкы жыйынтыктарга жетишип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!