​Дана Уайт: Мейвезер жана Хабиб тууралуу сөз боло элек

​Дана Уайт: Мейвезер жана Хабиб тууралуу сөз боло элек
20-Окт. 2018, Ишемби, 12:33

Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунун президенти Дэйн Уайт жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана америкалык мушкер Флойд Мейвезердин мелдеши тууралуу оюн билдирди.

UFC жетекчиси бокс боюнча мурдагы чемпиондун өкүлдөрү ага байланышка чыкпагандыгын жана бул мелдеш боюнча сөз кылуу эрте экендигин белгиледи.

Дэйн Уайт “Азырынча бул сөздөргө маани берүү эртелик кылат. Мейвезердин өкүлдөрү байланышка чыга элек. Ал эми Хабиб Нурмагомедов менен биздин уюмдун келишими бар. Мындай сөздөр боло берет” деп билдирди.

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Флойд Мейвезерди мелдешке өткөн жумада чакырган. Ал эми Мейвезер бокс эрежеси менен рингге чыгаарын айткан.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 27 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!