Футбол: Кыргызстан менен Түркмөнстан беттешет

Футбол: Кыргызстан менен Түркмөнстан беттешет
14-Апр. 2017, Жума

18-апрель күнү саат 19:00дө "АФК 2017" кубогунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргызстандык «Дордой» жана түркмɵнстандык «Алтын Асыр» командалары арасында футболдук беттеш өтөт. Бул тууралуу “Дордой” клубунан билдиришти.

Буга чейин оюндун биринчи турунда кыргызстандык эки команда “D” тайпасында “Дордой” Тажикстандын “Истиклол” командасынан (0:2), “Алай” Түркмөнстандын “Алтын Асыр” командасынан (1:2) эсебинде жеңилип калган.

Белгилей кетсек, АФК кубогу - Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган мелдеш. Үч тандоо жана бир негизги турнирден турат. Эки матчтан турган мелдештин жеңүүчүсү финалга чыгып, таймаштын негизги бөлүгүнө жолдомо алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!