​Роналду: “Алтынчы “Алтын топ” сыйлыгына татыктуумун”

​Роналду: “Алтынчы “Алтын топ” сыйлыгына татыктуумун”
1-Ноя. 2018, Бейшемби, 13:25

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду “Алтын топ” сыйлыгы боюнча ойлорун ортого салды. Бул тууралуу "France Football" басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык футбол тармагындагы башкы сыйлыкты Криштиану Роналду 5 жолу жеңип алган.

Роналду “ Мен үчүн алтынчы “Алтын топ” сыйлыгы такыр эле байланып калган тема эместигин көп жолу айткам. Суроону башкача койсом. Мен учурда тарыхтагы мыкты футболчумун. Сөзсүз, сыйлыкка жетким келбейт десем, - калп болуп калат. Мен гол тээп,беттешүүлөрдү жеңип келатам. Ал үчүн эмнеге татыктуу болсом, ошону алышым керек. Бирок бул сыййлыкка гана умтулуу эмес да туурабы?” деп айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реал Мадрид» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келген. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Супер кубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси. (2008, 2013, 2014, 2016 жана 2017 –жылдар)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР