Нурмагомедов Мейвезер менен эки жолу мелдешет

Нурмагомедов Мейвезер менен эки жолу мелдешет
2-Ноя. 2018, Жума, 11:38

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер менен эки жолу мелдешке чыгат. Мушкердин пикирине караганда биринчиси ММА эрежеси боюнча, экинчиси бокс эрежелери менен рингге чыгат. Бул тууралуу talksport.com парталы жазып чыкты.

Нурмагомедов “Эгерде биз Флойд менен эки тараптуу келишимге кол койсок, күйөрмандар ыраазы болушат. Биринчи мелдеш рингде өтөт, экинчиси темир капаста болууга тийиш. Ошондо баардыгы реалдуу болот. Мен өзүмдү бокста да сынап көргүм келет. Бул адилеттүү чечим”,- деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Флойд Мейвезерди мелдешке өткөн жумада чакырган. Ал эми Мейвезер бокс эрежеси менен рингге чыгаарын айткан.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 27 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР