Салахтын колу дагы эле айыга элек

Салахтын колу дагы эле айыга элек
2-Ноя. 2018, Жума, 13:32

Англиялыктардын “Ливерпуль” футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салахтын жарат алган колу дагы элек айыга элек. Бул тууралуу батыштын ЖМК жазышууда. Маалыматка ылайык Салах колунун ооругандыгына карабай эртеңки боло турган “Арсенал” беттешүүсүнө катышат. Атактуу футболчу соңку үч беттешүүдө колу таңылуу бойдон ойноду.

Эсиңиздерге сала кетсек, 26-майда атактуу футболчу Чемпиондор лигасынын финалында “Реалга” каршы беттешүүнүн 27 мүнөттүндө каршылашы Серхио Рамос менен топ талашып, жаракат алган. Египеттик чабуулчу далысын кокустатып алгандыктан оюн талаасынан көз жаштары менен чыгып кеткен.Дарыгерлер адегендефутболчунун далы муундары чойулуп кеткендиги айтышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!