​Роналдунун сүйүктүүсүнүн атасы баңгизат сатат

​Роналдунун сүйүктүүсүнүн атасы баңгизат сатат
2-Ноя. 2018, Жума, 14:58

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунун кызга зомбулук көрсөтүү ызы-чуусу тынчып калганда, экинчи чуулгандуу кабар менен каршылашты. Атактуу футболчунун сүйүктүүсү Джорджины Родригестин атасы 2003-жылы Испаниядан Францияга 100 миң фунт наркындагы кокаин алып келатып кармалган. Бул тууралуу The Sun басылмасына таянып, батыштын ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка ылайык 60 жаштагы Хосе Родригес бангизат сатуу менен эки жолу абакка түшүп, 11 жыл эркинен ажыратылган.

Ал 2008-жылы абактан чыгып бирок кайрадан эле Мароккодон Испанияга 1 миллион фунт наркындагы гашиш менен кармалып 2013-жылы 2 жылга кесилген.

Эсиңиздерге сала кетсек былтыркы жылы Криштиану Роналду жана Джорджины Родригес кыздуу болушуп, атын Алана Мартини деп коюшкан. 33 жаштагы футболчу буга чейин карын энеден 3 балалуу болгон. Балдардын улуусу 7 жашта болсо, андан кийин 2017-жылы июнь айында Ева жана Матео аттуу эгиздери төрөлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!