​Усэйн Болт австралиялык футбол клубунун кетти

​Усэйн Болт австралиялык футбол клубунун кетти
3-Ноя. 2018, Ишемби, 11:12

Олимпиаданын сегиз жолку чемпиону Усэйн Болт австралиялык "Сентрал Кост Маринерс" футбол клубунда кетти. Бул тууралуу “Fox Sports Australia” басылмасы жар салды.

Маалыматка ылайык австралиялык футбол клубу атактуу жөө күлүкккө келишимдеги каржы маселеси туура келген эмес. Усэйн Болт сезон алдында "Сентрал Кост Маринерс" футбол клубу менен даярдыктардын өтүп, бир канча гол киргизген. Австралиялыктар келишим даярдашкан бирок төлөмдөрүнө футболчу ыраазы болгон жок. Алар жылына 150 миң доллар айлык сунуштаган. Ал эми Усэйн Болт үч миллион долларга чейин киреше алууну көздөгөн. Натыйжада тараптар бир келишимге келе алышпай Усэйн Болт "Сентрал Кост Маринерс" футбол клубунан кеткен.

Усэйн Болт жеңил атлетика боюнча карьерасын 2017-жылы Лондон дүйнө чемпионаттынан кийин аяктаган. Андан кийин ал бир канча жолу өзүн футболдо сынап көрөөрүн билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР