​Боксчулардын мелдешке чыгуу салмактары белгиленди

​Боксчулардын мелдешке чыгуу салмактары белгиленди
3-Ноя. 2018, Ишемби, 12:07

Бокс сүйүүчүлөрдүн эл аралык ассоциациясынын (AIBA) техникалык комитети Токио олимпиадасында боксчулардын мелдешке чыгуу салмактарын расмий түрдө бекитти. Бул маселе учурда Москва шаарында 2-3- ноябрда өтүп жаткан AIBAнын конгрессинде талкууланды.

Мындан тышкары бүгүн конгрессте спорттук уюмдун жаңы жетекчиси шайланат. 2017-жылы Эл аралык олимпиада комитетинин аткаруу комитети (МОК) боксчулардын салмактарына өзгөртүү киргизүү сунушу менен чыккан. Анда аял боксчулардын салмагын үчтөн бешке чейин жогорулатуу, ал эми эркектерге тескеринче салмактарын азайтуу каралган.

Бокс сүйүүчүлөрдүн эл аралык ассоциациясынын (AIBA) техникалык комитети эми расмий түрдө салмак категорияларын төмөндөгүдөй бекетти.

Эркектер үчүн салмактар: 52 кг, 57 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг, 91+ кг.

Аялдар үчүн салмактар: 51 кг, 57 кг, 60 кг, 69 кг, 75 кг.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!