​Чемпионатта терактты алдын алуу мүмкүн болгон

​Чемпионатта терактты алдын алуу мүмкүн болгон
9-Ноя. 2018, Жума, 11:00

Орусияда өткөн футбол чемпионатты учурунда террордук чабуулдарды алдын алууга мүмкүн болгон. Бул тууралуу Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников ТАСС агенттигине билдирген. Маалыматка ылайык террорчулар учкучсуз дрон учактары аркылуу күйөрмандарга кол салуу пландалган. Бортниковдун айтымында чет элдик күйөрмандарга чабуул койууну максат кылган 7 топ кармалган.Мындай аракеттерге бөгөт койуу чемпионат учурунда гана эмес, өлкөдөгү бардык массалык саамалыктарда жүргүзүлүп келет.

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча 21 - дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өттү. Андагы бардык 64 беттешүүлөрдө футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларындагы 12 стадионунда ат салышкан. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!