​Хабиб Нурмагомедов саясатка аттанат

​Хабиб Нурмагомедов саясатка аттанат
9-Ноя. 2018, Жума, 11:04

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедовго Дагестан өлкө башчысынын жардамчысы кызматы сунушталды. Бул тууралуу Дагестан башчысы Владимир Васильев өзү сунушап жана атактуу мушкерге “Дагестан Республикасына сиңирген эмгеги үчүн” наамы жана атасына дене тарбия жана спортко сиңирген эмгеги үчүн медаль менен сыйлады. Мамлекттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде Хабиб Нурмагомедов “-Биз бул тууралуу кийинки жолугушууда талкуулайбыз. Ал жакын арада болмокчу” деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 27 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР