​“Аякс” күйөрмандарына өрт коюшту (видео)

​“Аякс” күйөрмандарына өрт коюшту (видео)
29-Ноя. 2018, Бейшемби, 16:07

УЕФАнын тартип комитети гректердин АЕК жана голландиялыктардын “Аякс” футбол беттешүүсүндөгү ызы-чуудан кийин териштирүү баштатты. Чемпиондор лигасынын тайпалык топтун 5- айлампасы алкагында гректердин күйөрмандары голландиялыктардын“Аякс” тараптарларына факел жана “Молотов коктейли” куюлган бөтөлкөлөр ыргытышкан.

Мунун артынан полиция келип таркатуу менен күйөрмандарга кол көтөргөндүгү айтылууда. Андан кийин стадиондун кириш тарабынан өрт коюлган. Ызы-чууда онго жакын адамдын жарат алгандыгы белгиленди. Бул териштирүүнүн жыйынтыгы 13 –декабарда чыгат


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!