​Месси Чемпиондор лигасында рекорд койду

​Месси Чемпиондор лигасында рекорд койду
30-Ноя. 2018, Жума, 10:23

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси “ПСВ” Эйндховен клубуна гол киргизип, (2:1) өзгөчөлөнө алды. Месси 61 мүнөттө киргизген голу менен Чемпиондор лигасында бир команда курамында эң көп голу тепкен футболчу аталды. Эйндховен шаарында өткөн беттешүү 2:1 эсебинде Лионель Месси жана Жерар Пикенин голу менен аяктады.

Аргентиналык футболчунун эсебинде 128 беттешүүдө 106 голу бар. Ал эми атаандашы Криштиану Роналду “Реалда” жүргөндө 101 беттешүүгө катышып, 105 гол киргизген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси “Барселона” командасы менен 8 жолу Испания чемпиондугуна татыган. Ал 5 жолу Испания Кубогун жана 4 жолу Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!